Кызматка дайындалган күнү -15.10.2024 ж.
Кыргыз-Россия Славян университети Кыргыз Республикасындагы илимий, билим берүү жана маданий борбор болуп саналат, ал билим берүү кызматтары, изилдөө иштери жана иштеп чыгуулар үчүн ИСО 9001-2008 сертификаты менен тастыкталган. Университетте жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамы иштейт алардын саны 876, анын ичинен 137 илимдин доктору жана 420 кандидаты, 3 академиги жана 2 КР УИАнын корреспондент-мүчөсү бар.Университет «Кыргыз Республикасынын Билимге эмгек сиңирген кызматкерлер» наамын алган 11 кызматкери жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик лауреаты» наамын алган 7 кызматкери менен сыймыктанат. Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо аспирантурада 15 багыт жана 48 профилде, ошондой эле докторантурада 3 тармак жана 4 адистик боюнча жүргүзүлөт. Учурда университетте 7 докторант, 176 аспирант жана 8 соискател билим алууда. Университеттин базасында докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча 15 диссертациялык кеңеш бар.
Структура