Кызматка дайындалган күнү – 14.10.2024 ж.
Билими: Федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку кесиптик билим берүү мекемеси. «Г.И. Носов атындагы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университети» 2012 жыл. Кара жана түстүү металдарды куюу өндүрүшү. Квалификациясы: Инженер
Үй-бүлөөлүк абалы: үй бүлөөлүү, үч баланын атасы.
Эмгек жолу:
2012-2016 жылдары Жалпы Россиялык элдик билим берүү эмгекчилер профсоюзунда алгачкы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университетини аспиранттар менен студенттердин профсоюздук мекемесинде ар кыл кызматтарда эмгектеген.
2016-2017 жылдары Г.И. Носов атындагы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университетинин административдик-чарба иштери, капиталдык курулуш жана оӊдоо иштери боюнча проректордун жардамчысы.
2017-2019 жылдары Г.И. Носов атындагы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университетинин административдик-чарба иштери, капиталдык курулуш жана оӊдоо иштери боюнча проректору, айкалыштыруу негизде «Экономика жана башкаруу институтунун адистерди башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» кафедрасынын доценти.
2019-2023 жылдары Г.И. Носов атындагы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университетинин өнүгүү жана инфраструктура боюнча проректору.
03.07.2023-16.08.2023 ж. Г.И. Носов атындагы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университетинин Экономика жана каржы иштери боюнча проректору.
17.08.2023-2024 ж. Г.И. Носов атындагы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университетинин Стратегиялык өнүгүү жана экономика иштери боюнча проректору айкалыштыруу негизде «Материалдарды иштетүү, машина куруу жана металлургия институтунун материалдаштыруу жана куюу процесстери» кафедрасынын доценти.
14.10.2024 жылдан тартып КРСУнун ректорунун милдеттин аткаруучу болуп дайындалган.
Ведомстволук сыйлыктары:
Ø Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим министрлигинин Ардак грамотасы (2019 жыл)
Ø Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим министрлигинин Ардак грамотасы (2023 жыл)
Жарыяланган илимий жана окуу методикалык иштеринин тизмеси:
Волков Сергей Юрьевич адистик ишмердиги боюнча 25 тен ашуун илимий макала жана окуу методикалык эмгектерин жарыялаган. Анын изилдөөлөрү куюу өндүрүшүнө, металлургияга башкаруу жана саясий анализге арналган.
1. Технологиялык факторлордун ак чоюндун колдонулушуна болгон таасири (илимий макала2024) кара металлургия
2. Чоюн жана марганец болотторунун колдонулушунун өз ара механикалык касиеттери (илимий макала 2023ж)
3. Россиянын дүйнөлүк маалымат мейкиндиктеги позитивдүү образы (илимий макала 2020 ж).
4. Россиянын саясатындагы *** образдардын колдонулушу (илимий макала 2020 ж).
5. Саясий процесстеги маалыматтык технологиялар: жаӊы менеджменттин негиздери (илимий макала 2020 ж).
6. PR алкак политикалык процесстердин бөлүгү катары (илимий макала 2019 ж).
7. Россиянын муниципиалдык башкаруу системасындагы маалыматтык тобокелдиктин өзгөчөлүктөрү. (илимий макала 2019 ж).
Окуу-методикалык эмгектери:
1. Адистикке киришүү: Коомдук саясат (окуу куралы 2020 ж).
2. Саясий процесстерди моделдештирүү жана божомолдоо, саясий талдоо (окуу куралы 2019 ж).