Кызматка дайындалган күнү -15.10.2024 ж.
Туулган күнү 29.10.1975
Туулган жери: Казакстан Кустанай областы Жетигара шаары.
Билими:
Г.И. Носов атындагы Магнитогорск тоо-кен академиясы Адистиги: Бузгалтердик эсеп жана аудит. Квалификациясы: экономист диплом артыкчылыгы менен.
Сыйлыктары:
- 2019-жылы Билим берүү тармагындагы көрүнүктүү кызматы жана көп жылдык эмгеги үчүн Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы.
- 2022 жылы Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Ардагер» төш белгиси.
Кесиптик ишмердүүлүгү:
Адистиги боюнча 2000-2007 ж. Өндүрүштүк жана коммерциялык «Аркаим» фирмасында башкы эсепчинин орун басары. (айкалыштыруу негизде)
2016-2023 ж. Г.И.Носов атындагы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университетинин Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы, 2007-2019ж. «Дизайн жана тейлөө эл аралык институтунда окутуучу, Түштүк-Урал техникалык институтунда айкалыштыруу негизде доцент.
2023 февраль-октябрь Урал мамлекеттик педагогикалык универститетинде Экономикалык ишмердүүлүктү камсыздоо башкармалыгынын башчысы.
2023 октябрь-октябрь 2024ж. Г.И. Носов атындагы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университетинин ички каржылыкты көзөмөлдөө жана экономикалык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы.
2024 октябрынан тартып, Мамлекеттер аралык жогорку билим берүү уюму Россия Федерациясынын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Экономика жана укуктук иштер боюнча проректору.
Педагогикалык ишмердүүлүгү:
Магнитогорск мамлекеттик университетинин Экономика, статистика жана эсеп кафедарсынын доценти. (1999 август -2012 ж)
Россия Федерациясынын президентинин алдындагы Россия элдик чарба академиясы жана мамлекеттик кызмат Магнитогорск филиалынын Экономика, укукжана башкаруу кафедрасынын башчысы (2012 сентябрь -2016 июль)
Г.И. Носов атындагы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университетинин Экономика кафедрасынын доценти(окуткан дициплиналары: Бухгалтердик эсеп, Башкаруу эсеби, Чарбалык ишмердүүлүктү комплекстүү экономикалык талдоо, Финансылык талдоо, Билим берүү экономикасы).
Кайра даярдоо:
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу программасы боюнча кесиптик кайра даярдоо-548 саат
№44-ФЗ жана №223-ФЗ закондорунун алкагында «Сатып алуу ишмердүүлүгүн башкаруу жана уюштуруу» программасы боюнча кесиптик кайра даярдоо -260 саат. Квалификациясы «Сатып алуу боюнча адис»
Экономикалык коопсуздук боюнча кайра даярдоо-994 саат Квалификациясы: «Экономикалык коопсуздук боюнча адис.
«Бюджеттик мекеменин башкы эсепчичи -отчет түзүү жана тапшыруу» Кесиптик кайра даярдоо -250 саат.