КРСУнун ректору Денис Фомин-Нилов белгилегендей, Кыргызстан менен Россиянын тарыхы көптөгөн окуялар менен чырмалышкан.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинде "Кыргызстан менен Россиянын жалпы тарыхы заманбап контекстте" аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Тегерек столдо Кыргызстан менен Россиянын жалпы тарыхынын негизги маселелери, анын ичинде тарыхый окуяларга мамиле жана баа берүү, 19-20-кылымдардагы Борбордук Азия элдеринин биргелешип өнүгүүсү, ошондой эле "деколонизациянын" мааниси талкууланды.

Читать полностью